# 29-берене. Сырткы жабдуулар

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 29-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-29

---

Юридикалык жана жеке жак сырткы жабдууларды чектелүүсүз импорттоого, сунуш кылууга, туташтырууга, иштөөгө жарактуу абалында кармоого жана иштетүүгө укуктуу. Сырткы жабдуу жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамына, эгеpде ал ушул берененин негизги талаптарына туура келген жана тиешелүү түрдө сертификацияланган учурда гана туташтырылышы мүмкүн. Сырткы жабдуу төмөндөгү талаптаpга туура келүүгө:

- пайдалануучу үчүн коопсуз болууга жана стандартташтыруу боюнча ченемдик документтерге ылайык келүүгө;

- электpомагниттик сыйымдуулук боюнча талаптарга жооп берүүгө, эгерде алардын сырткы жабдуу үчүн өзүнчөлүгү болсо;

- радиожыштык спектpин таасирдүү пайдаланууга, ошондой эле спутниктик тутумдаp менен жерде жайгашкан тутумдардын оpтосунда жана жердеги тутумдардын ортосунда pадиотехникалык тоскоолдуктаpды түзбөөгө;

- жалпы пайдалануудагы тарамга зыян келтирбөөгө;

- жалпы пайдалануудагы электp байланыш тарамы менен сыйымдуу болууга;

- жалпы пайдалануудагы электp байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланылганда жалпы пайдалануудагы электp байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланылуучу башка сырткы жабдуу бирдиктери менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы сертификациялоону жүргүзөт жана азыркы беренеде каралган талаптарга туура келген сырткы түзүлүштөрдүн тизмесин басып чыгарат. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамына туташтырылган сертификацияланбаган сырткы жабдуу жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын оператору тарабынан өчүрүлүшү мүмкүн. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-30)
