# 26-берене. Электр байланышынын тарамдарын башкаруунун, коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун кызыкчылыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 26-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-26

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат жана берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы ушул тармак боюнча берилүүчү маалыматтын корголушун камсыздоого тийиш. Мындай тармак электр байланышынын жабык тармагы болуп саналат жана ага ушул Мыйзамдын 25-беренесинин экинчи бөлүгүнүн жоболору жайылтылат. Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, электр байланышынын жабык жана ички тармактарын иштетүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын операторлору башкаруу, анын ичинде коргоо, коопсуздук, укук тартибин сактоо жана өзгөчө кырдаалдар максаттары үчүн электр байланышы тармактарын жана кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жалпы пайдалануудагы электр байланышынын зарыл кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоо үчүн чараларды көрөт. Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймакта электр байланышы тармактарын эксплуатациялоо жана толугу менен же жарым-жартылай электр байланышы кызматтарын көрсөтүү үчүн өзгөчө убактылуу органдарды түзүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын башкаруунун максаттары үчүн, буга улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун максаттары да кирет, жана өзгөчө кырдаалдардын учурунда (табигый кыйроолор, карантиндер ж.б.) пайдаланышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мына ушундай өзгөчө жагдайларда гана электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын иштетүү же иштетүүнү токтото туруу боюнча артыкчылык укуктан пайдаланышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышынын операторуна же кызматына, алардын ишмердиктеринин мына ушундайча токтотулуп турушунун натыйжасында тартышкан чыгашаларынын ордун толтуруп берет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-27)
