# 25-берене. Электр байланышынын жабык жана ички тармактары

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 25-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-25

---

Юридикалык же жеке жак электр байланышынын ички тармактарын түзүп жана эксплуатациялай алат. Электр байланышынын жабык тармактары Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору тарабынан алардын ички жоболоруна ылайык коргонуунун, коопсуздуктун, укуктук тартипти сактоонун жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоонун кызыкчылыктарында түзүлүшү жана эксплуатацияланышы мүмкүн. Жабык жана ички тармактардын операторлорунун ишине ушул Мыйзамдын 7-9-беренелеринин жоболорунун күчү жайылтылбайт. Электр байланышынын ички же жабык тармагынын оператору ушул Мыйзамдын IV главасына ылайык тиешелүү лицензияны алгандан кийин гана мындай тармакты жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын көрсөтүү үчүн пайдалана алат. Ушул учурдан тартып мындай оператор мындай тармакка же кызмат көрсөтүүлөргө карата кырдаалга жараша электр байланышынын ички тармагынын же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармагынын оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү болуп калат. Электр байланышынын мындай ички тармагын жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармагы менен тармактар аралык бириктирүү тартиби ушул Мыйзамдын 30-беренесинин жоболору менен жөнгө салынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-241)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-26)
