# 241-берене. Абоненттер жөнүндө байланыш операторунун маалыматтар базасы

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286776..1286777>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 241-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-241

---

1. Байланыш оператору абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жөнүндө маалыматтар базасын түзөт.

Байланыш операторунун абоненттер жөнүндө маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт: абоненттин фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин - юридикалык жактын толук аталышын, абонент болуп саналган бул юридикалык жактын жетекчисинин жана кызматчыларынын фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин дарегин же четки абоненттик түзүлмөнү (терминалды) орнотуунун дарегин, абонентти же анын четки түзүлмөнү (терминалды) аныктоого (идентификациялоого) мүмкүнчүлүк берген абоненттик номерлерди жана башка маалыматтарды, байланыштын көрсөтүлгөн кызматтары үчүн эсептөө тутумдарынын маалыматтар базасынын маалыматтарын.

2. Абоненттерди жана байланыш кызматтарын жана каражаттарын пайдалануучуларды милдеттүү каттоодо юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынуучу маалыматтар, ошондой эле аларга көрсөтүлгөн кызматтар жана байланыш каражаттары жөнүндө маалыматтар купуя маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга жатат.

(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-24)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-25)
