24-берене. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарында байланыш кызматы менен тейлөө
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Байланыштын оператору тейлөө кызматын керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тиешелүү лицензиянын шарттарына жана оператор менен керектөөчүнүн ортосундагы келишимге ылайык, ошондой эле керектөөчү тарабынан байланыш тарамдарынан пайдалануунун эрежелери сакталган жана тейлөө акысы төлөнгөн шартта аткарат. Байланыштын операторлору аткарган тейлөө тейлөө кызматынын төлөнүшү ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча кечиктирилген учурда керектөөчүлөр тейлөө кызматынын төлөнө элек баасынын бир пайызынын өлчөмүндө кечиктирилген ар бир сутка үчүн туума айып төлөшөт. Төлөөлөрдүн ушундай кечиктирилиши бир айдан ашкан учурда байланыштын операторлору керектөөчү жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алгандан бир ай өткөндөн кийин, аларды тейлөөнү улантуудан баш тартууга укуктуу. Байланыштын операторлорунун тейлөөдөн баш тартышы керектөөчү тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Тейлөөнүн токтотулушу керектөөчүлөрдү карыздарын төлөөдөн бошотпойт. Телефон байланышынын жергиликтүү тарамдарынын тейлөө кызматы бардык керектөөчүлөргө жазуу жүзүндөгү арызынан кийин чектелбестен берилет. Мындай тейлөөдөн байланыш операторунун баш тартышы үчүн негиздүү себеп болуп тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болбогондугу саналат. Баш тартуу арыз ээси тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Электр байланышынын жергиликтүү тарамдары техникалык каражаттар менен жетиштүү деңгээлде камсыз болбогон жерлерде телефонду орнотуу боюнча арыздар төмөндөгүдөй кезекте канааттандарылат:
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, прокуратура органдары, соттор, ички иштер органдары, коопсуздук кызматтары жана аскер мекемелери;
- чет мамлекеттердин дипломаттык жана консулдук өкүлчүлүктөрү;
- медицина мекемелери, өрт өчүрүүчү бөлүктөр, табигый кубулуштар (жер титирөө, суу ташкыны, аябаган катуу шамал ж.у.с.) жөнүндө маалымат берүүчү уюмдар, мамлекеттик мектепке чейинки тарбиялоочу мекемелер жана окуу жайлары, мамлекеттик илимий жана маданий мекемелер;
- үйлөрүнө телефон койдурганга мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди алышкан (кезексиз, биринчи кезекте жана артыкчылык менен коюуга укуктар) граждандардын үйдөгү телефондору;
- башка ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
- башка граждандардын үй телефондору.
Эгерде телефон тарамдарын курууга юридикалык жана жеке жактардын финансы каражаттары колдонулса, буларга телефондор жогоруда көрсөтүлгөн кезекти сактабастан коюлат. Байланыштын техникалык каражаттары бузулган учурда байланыш операторлору аларды калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүшөт. Байланыш операторлору мыйзамдарга ылайык граждандардын айрым категорияларын тейлөөнү жеңилдетилген негизде, буга байланышкан чыгымдарды мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин жана тиешелүү фонддордун жана ишканалардын эсебинен жабуу менен аткарышат. Мобилдик уюлдук байланыштын оператору байланыш кызматын көрсөтүү иш чарасында мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын пайдалануучу колдонгон, эл аралык идентификаторду чыгаруучу тарабынан белгиленген аныктаманы өз алдынча ишке ашырууга милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестри менен аны тактоо жүргүзөт. Мобилдик уюлдук байланыштын оператору мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын керектөөчү тарабынан колдонулган эл аралык идентификатору уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестирине туура келген учурда ушул мыйзамдын 211-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацында каралган аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү. Мобилдик уюлдук телефондордун эл аралык идентификаторлорун аныктоого зарыл болгон программалык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана аларды уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн Реестри менен салыштырууга байланышкан мобилдик уюлдук кызматтын операторлорунун чыгымдары мобилдик уюлдук байланыштын операторлорунун жеке каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат. (КР 2007-жылдын 15-августундагы N 152, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 августа 2007 года № 152 "О внесении дополнений и изменения в Законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "Об оперативно-розыскной деятельности" и в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 211-берене. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-24" title="24-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>