# 231-берене. Теле-, радиоканалдарды жайылтуу

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286781..1286782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 231-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-231

---

Электр байланыш тармактары боюнча жайылтууга арналган теле, радиоканалдардын электрдик сигналдарын түзүү телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Теле-, радиоканалдарды жайылтуу, анын ичинде теле-, радиоканалдарды берүүчү мультиплекске топтоо электрдик байланыш жаатына кирет жана электр байланыштын кандай технологиялары жана/же тармактары колдонулгандыгына карабастан, ушул мыйзам жана байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Теле-, радиоканалдардын сигналдарын жайылтуучу электр байланыш оператору бул учурда телерадиоберүү оператору да болуп эсептелет жана аларды колдонуучуга чейин жеткирүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Телерадиоберүү оператору өзүнүн электр байланыш тармактарын телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү жайылтуу үчүн колдонушу мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган жана аналогдук берүүгө жана/же берүүнүн санариптик топтомуна жайгаштырууга лицензиялоо жөнүндө жана телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тиешелүү уруксаты бар теле-, радиоканалдарды;

- жана/же чет өлкөлүк телерадиоканалдарды.

Эгерде телерадиоберүүнүн оператору ретрансляциялануучу теле-радиоканалдардын берүү торчосуна өзгөртүүлөрдү киргизсе, бул оператор телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык телерадио уюм катары катталууга милдеттүү. Радиоэлектрондук каражаттардын жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн электр магниттик шайкештигин камсыз кылуу максатында телерадиоканалдарды жайылтууда радиожыштык спектрин пайдалануу лицензиялоо жаатындагы мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-23)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-24)
