# 211-берене. Атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө байланыш операторлорунун милдеттери жана байланыш кызматын пайдалануучулардын укуктарын чектөө

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649); 30.06.2022 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года N 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам разведывательной и контрразведывательной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112391); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 211-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-211

---

1. Байланыш операторлору байланыш тармактарында атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдө тергөөчүгө жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызматын пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл башка маалыматты берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда, маалыматтар базасына жана байланыш операторунун автоматташтырылган тутумуна жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-р чечими

2. Байланыш операторлору атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн байланыш тармактарына жана каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарды ишке ашырууну камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Уюктук байланыш операторлору алардын тармактарында иштеген абоненттик түзүлмөлөрдүн идентификациялык коддорунун реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте абоненттер жөнүндө маалыматтарды 3 жыл ичинде жыйноону жана сактоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

Тармакта идентификациялык коддору окшош болгон бир нече абоненттик түзүлмөлөр табылган учурда, уюктук байланыш оператору бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тийиштүү органдарга кабарлоого милдеттүү.

4. Байланыштын техникалык каналдары боюнча берилүүчү мыйзамдуу жол менен алынган маалыматтарды контролдоо жана белгилөө үчүн арналган байланыш тармактарына, атайын техникалык каражаттарга, интерфейсти (техникалык регламентти) жакшылап иштеп чыгууну, зарыл программалык камсыз кылууну иштеп чыгууну, биригүү жана каналдарга жетүү жөнүндө маселени, байланыш тармактарындагы атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен бул чөйрөдө иштелип чыккан эл аралык сунуштамаларга жана техникалык концепцияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык байланыш тармактарына атайын тергөө иш-аракеттеринин жана контрчалгындоо иш-чараларынын тутумунун киргизилиши жана анын иштеши менен байланышкан башка маселелерди кошуп алганда, байланыш тармактарына изин суутпай иш-чараларын жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тартибине карата техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан байланыш тармактарында (каналдарында) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө байланыш операторлору бул органдарга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык көмөк көрсөтөт.

5. Байланыштын тармактарынын жана каражаттарынын ишин, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга байланыш кызматын көрсөтүүнү токтото туруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификатору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн Уурдалган мобилдик түзүлмөлөрдүн реестрине киргизилген болсо, мобилдик түзүлмөнүн иштөөсүн токтото турууга милдеттүү. Байланыш операторлору соттун чечиминин же байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү чечиминин негизинде байланыш кызматтарын көрсөтүүнү кайра жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Байланыш операторлорунун байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо ишин жүргүзүү үчүн зарыл программалык-техникалык жана башка каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдары байланыш операторлорунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.

7. Байланыш операторлорунун атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иштерин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-21)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-22)
