# 21-берене. Байланыш каражаттары аркылуу жиберилүүчү маалыматтын купуялыгын сактоо

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 21-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-21

---

Байланыш каражаттары аркылуу жиберилүүчү кат алышуулардын, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык, ошондой эле башка билдирүүлөрдүн купуялыгы Конституция жана ушул Мыйзам тарабынан корголот. Менчиктин бардык түрүндөгү байланыштын ишканалары маалыматты коргоо боюнча уюштуруучулук-техникалык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу, коопсуздук, укуктук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, байланыштын техникалык каналдарын контролдоону жүзөгө ашырууга, анын ичинде менчиктин бардык түрүндөгү байланыш ишканаларында телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого тыюу салынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-20)  
Кийинки берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-211)
