# 17-берене. Электр байланышынын тейлөө кызматынын баалары

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649); 06.03.2015 [Закон КР от 6 марта 2015 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/205471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 17-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-17

---

Атаандаштык негизинде сунуш кылынган электр байланышы кызматтарын көрсөтүүлөргө баалар электр байланышы операторлору, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөр тарабынан төмөнкү принциптерге негизденүү менен белгиленет:

- баалар өздүк наркка жараша болууга жана кайчылаш субсидиялоо алынып ташталууга тийиш;

- баалар граждандардын байланыш каражаттарына болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууну эске алуу менен тиешелүү эл аралык базалык баалар менен салыштырууга мүмкүн болгондой болууга тийиш;

- баалар структураланган болушу керек, ал эми алардын деңгээли электр байланышы секторуна инвестицияларды тартууга максималдуу жардам бергидей белгилениши керек;

- бааларды белгилөөдө Кыpгыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын жоболору жана сунуштары эске алынышы керек.

Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөндөгүдөй учурларда, буга тарифтерди белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү же ушул Мыйзамдын 13-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндө каралган бааларды жөнгө салуунун тартибин пайдаланууну кошкондо, бааларды жөнгө салууга укуктуу: "- электр байланышы тармагына ээлик кылуучу же контролдоону жүзөгө ашыруучу электр байланышынын бир оператору, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуучу электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир берүүчүсү болгондо же электр байланышынын оператору, электр байланышынын кызматы мындай кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгондо;

- эгерде жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалын ээлеп турган оператор, кызмат же ишкана атаандаштыктын негизинде берилүүчү тарамды же тейлөө кызматын, мындай оператор жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалындагы оператору катары тейлөө кызматынан түшкөн кирешелердин эсебинен, кайчылаш субсидиялаган болсо;

- эгерде байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзүлгөн баалардын атаандаштыкка каршы багытталгандыгын жана дагы башка ушундай мүнөздөгү аракеттерди тапкан болсо.

(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-18)
