Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Электр байланышынын тейлөө кызматынын баалары
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Атаандаштык негизинде сунуш кылынган электр байланышы кызматтарын көрсөтүүлөргө баалар электр байланышы операторлору, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөр тарабынан төмөнкү принциптерге негизденүү менен белгиленет:
- баалар өздүк наркка жараша болууга жана кайчылаш субсидиялоо алынып ташталууга тийиш;
- баалар граждандардын байланыш каражаттарына болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууну эске алуу менен тиешелүү эл аралык базалык баалар менен салыштырууга мүмкүн болгондой болууга тийиш;
- баалар структураланган болушу керек, ал эми алардын деңгээли электр байланышы секторуна инвестицияларды тартууга максималдуу жардам бергидей белгилениши керек;
- бааларды белгилөөдө Кыpгыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын жоболору жана сунуштары эске алынышы керек.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөндөгүдөй учурларда, буга тарифтерди белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү же ушул Мыйзамдын 13-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндө каралган бааларды жөнгө салуунун тартибин пайдаланууну кошкондо, бааларды жөнгө салууга укуктуу: "- электр байланышы тармагына ээлик кылуучу же контролдоону жүзөгө ашыруучу электр байланышынын бир оператору, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуучу электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир берүүчүсү болгондо же электр байланышынын оператору, электр байланышынын кызматы мындай кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгондо;
- эгерде жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалын ээлеп турган оператор, кызмат же ишкана атаандаштыктын негизинде берилүүчү тарамды же тейлөө кызматын, мындай оператор жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалындагы оператору катары тейлөө кызматынан түшкөн кирешелердин эсебинен, кайчылаш субсидиялаган болсо;
- эгерде байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзүлгөн баалардын атаандаштыкка каршы багытталгандыгын жана дагы башка ушундай мүнөздөгү аракеттерди тапкан болсо.
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 марта 2015 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Электр жана почта байланышынын тейлөө кызматынын баалары
Атаандаштыктын негизиндеги электр жана почта байланышынын тейлөө кызматтарынын бааларын электр жана почта байланышынын операторлору, электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрү, почта байланышынын ишканалары төмөндөгүдөй принциптердин негизинде белгилешет:
- баалар өздүк наркка жараша болууга жана кайчылаш субсидиялоо алынып ташталууга тийиш;
- баалар граждандардын байланыш каражаттарына болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууну эске алуу менен тиешелүү эл аралык базалык баалар менен салыштырууга мүмкүн болгондой болууга тийиш;
- баалар структураланган болушу керек, ал эми алардын деңгээли электр байланыш секторуна инвестицияларды тартууга максималдуу жардам бергидей белгилениши керек;
- бааларды белгилөөдө Кыpгыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын жоболору жана сунуштары эске алынышы керек.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөндөгүдөй учурларда, буга тарифтерди белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү же ушул Мыйзамдын 13-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндө каралган бааларды жөнгө салуунун тартибин пайдаланууну кошкондо, бааларды жөнгө салууга укуктуу:
- эгерде тейлөө кызматын электр же почта байланышынын тарамдарына ээлик кылуучу же көзөмөлдөөнү жүргүзүүчү электр жана почта байланышынын бир гана оператору, электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир гана жеткирип берүүчүсү же почта байланышынын бир гана ишканасы болгон болсо, же ушундай тейлөө кызматынын рыногунда электр же почта байланышынын оператору, электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүсү, почта байланышынын ишканасы үстөмдүк кылуу абалына ээ болгон болсо;
- эгерде жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалын ээлеп турган оператор, кызмат же ишкана атаандаштыктын негизинде берилүүчү тарамды же тейлөө кызматын, мындай оператор жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалындагы оператору катары тейлөө кызматынан түшкөн кирешелердин эсебинен, кайчылаш субсидиялаган болсо;
- эгерде байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзүлгөн баалардын атаандаштыкка каршы багытталгандыгын жана дагы башка ушундай мүнөздөгү аракеттерди тапкан болсо.
(КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51 Мыйзамынын педакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 13-берене. Электр байланышынын тейлөө кызматынын баалары
Беренеге шилтеме бергендер
- 13-берене. Электр байланышынын тейлөө кызматынын баалары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-17" title="17-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>