# 16-берене. Электр байланышы тармактарын эксплуатациялоого жана электр байланышынын кызматтарын көрсөтүүгө укук

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582); 20.01.2015 [Закон КР от 20 января 2015 года № 20 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/205445); 07.11.2001 [Закон КР от 7 ноября 2001 года №88 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/923)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-16

---

Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарда каралган электр байланышы жаатындагы лицензияларды, ошондой эле жыштык ыйгарууларды алууга укуктуу. Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызтелекомду же мамлекет ээлик кылган же көзөмөлдөгөн жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын дагы башка операторун же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүсүн менчиктештирүүгө катыша алышат. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, эгерде башкасы мыйзам актыларында каралбаса, Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары үчүн каралган шарттарда жана ошондой эле тартипте электр байланышы жагындагы ишмердикке лицензия алышат, ошондой эле менчиктештирүүнүн жүрүшүнө катышышат. (Төртүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 20-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 88, 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-17)
