# 13-берене. Электр байланышынын жана электр байланышын жалпы пайдалануу кызматынын улуттук оператору

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203658); 11.06.2003 [Закон КР от 11 июня 2003 года № 103 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/1227)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 13-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-13

---

Кыргызтелеком электр байланышынын улуттук оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү болуп саналат. Кыргызтелекомдун лицензиясы ушул Мыйзамдын 11-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бул техникалык же экономикалык жактан мүмкүн болгон жерлерде жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттенме, бирок кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу же аны берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу негиздүү болууга тийиш;

- бардык пайдалануучулардан электр байланышынын тарамдарынан жана электр байланышынын тейлөө кызматынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу акыны жыйноо укугу, буга массалык маалымат каражаттары, министрликтер, административдик ведомстволор жана дагы башка мамлекеттик органдар да кирет;

- чет өлкөлүк электр байланышынын уюмдары жана чет өлкөлүк электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана мындай уюмдар жана кызматтар менен эсептешүүлөрдү колдонулуп жаткан эл аралык ченемдик актыларга жана башка талаптарга ылайык жүргүзүү укугу;

- жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын өнүктүрүүгө карата милдеттенмелер;

- электр байланышынын улуттук, шаар аралык жана эл аралык тейлөө кызматын башкаруу боюнча милдеттенмелер;

- чыгымдардын эсебин алуу тутумдарын киргизүүгө жана пайдаланууга тиешелүү болгон милдеттенмелер;

- электр байланышынын тейлөө кызматынын ар кандай түрлөрү үчүн лицензияда белгиленген мөөнөттүн ичинде алардын баасы менен өздүк наркынын ортосундагы байланыштын тыгыздыгын ачыгыраак көрсөткөн баалардын жаңы балансын түзүүгө тиешелүү болгон милдеттенмелер;

- башка тараптар менен ушул лицензия боюнча тейлөөгө жана дагы башка милдеттенмелерди аткарууга контракттарды түзүү укугу;

- электр байланышынын башка кызматтары менен кирешелерди бөлүштүрүүнү же дагы башка шарттарды караштырган келишимдерди түзүү укугу;

- Кыргызтелекомдун ишмердигинин жалпы таасирдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө тиешелүү милдеттенмелер, буга тейлөөнүн стандартизация боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык келиши да кирет;

- байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан алдын ала уруксат албай туруп жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын ишин же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөөсүн же телефон-автоматтардын (таксофондордун) иштешин токтото турбоого же токтотпоого милдеттенме;

- сурап-билүү кызматын түзүүгө байланыштуу милдеттенмелер.

Кыргызтелекомдун лицензиясы, Кыргызтелеком тарабынан эксклюзивдик негизде берилүүчү тарамдардан жана тейлөө кызматынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу акынын баасын жөнгө салуунун тартибин, төмөндөгүлөрдү өзүнө камтуу менен белгилейт:

- ушул Мыйзамдын 17-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, белгилүү бир мөөнөткө тейлөөнүн ар башка категориялары үчүн бааларды алгачкы өзгөртүү жана белгилөө;

- бул мөөнөттөн кийин электр байланышынын тейлөө кызматынын ар бир категориясы үчүн айлык акынын мамлекеттик жылдык индексациясына, формулага ылайык жана Кыргызтелекомдун лицензиясында жазылган факторлорду эске алуу менен эсептеленүүчү баанын жыл сайын өсүшүнүн жогорку чеги белгиленет;

- Кыргызтелекомдун лицензиясында тейлөөнүн мындай категорияларынын курамы белгиленет.

Жогоруда белгиленген тартипке ылайык Кыргызтелеком монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен тейлөө кызматынын ар бир категориясы үчүн жыл бою колдонула турган тарифтерди белгилейт жана андан кийин эгерде тарифтерди аныктоодо лицензияда каралган тартип сакталган болсо, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аларды бекитет. Кыргызтелеком монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ушул Мыйзамдын 17-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, эксклюзивдик эмес негизде берилүүчү электр байланышынын бардык тарамдарынан жана тейлөө кызматтарынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу бааларды белгилейт. Электр байланышынын улуттук оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү катары Кыргызтелекомго электp байланышынын жабдууларынын зарыл болгон мобилизациялык резервин түзүүгө жана колдоого каражаттар улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укук тартибин сактоонун максаттары жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер үчүн республикалык бюджеттен бөлүнөт. (КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 103, 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-14)
