Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Радиожыштык спектрин лицензиялоо
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар жүргүзүлгөн радио-жыштыкты тандоонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүнөт. Эгерде байланыш кызмат көрсөтүүсү радиожыштык спектрин колдонуу менен көрсөтүлсө, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар тооруктун (конкурстун, аукциондун) жыйынтыгы боюнча берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети байланыш кызматын көрсөтүү үчүн жеткиликтүү радиожыштык спектри коммерциялык жактан жагымдуу болуп саналат деп белгилейт. Тооруктарды (аукционду, конкурсту) өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү радиожыштыкты тандоонун натыйжалары боюнча байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия жана/же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим зарыл болгон бардык документтери менен арыз берилген күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия анда радиожыштыктардын номиналдарын жана/же тилкелерин көрсөтүү менен чечимдин негизинде берилет. Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү радиожыштык спектрин пайдаланууга тиешелүү лицензиянын мөөнөтүнүн чегинде колдонулат. Өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү берилген арызга ылайык 5 жылдан кем эмес жана 15 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Берилген радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар жана радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүлөр жөнүндө маалыматтар лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн реестрлерине киргизилет, алар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия колдонуу мөөнөтү боюнча - убактылуу, колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча жыштыктарды тандоонун натыйжаларына ылайык - чектелген, ажыратылуусу боюнча - ажыратылуучу, формасы боюнча - кагазга таризделген болот. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү лицензиаттын арызы боюнча узартылат, ал колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 60 календардык күндөн эрте эмес жана 20 календардык күндөн кеч эмес берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз берилбеген учурда берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерине аларды колдонуунун мөөнөтү аяктаган күнү токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана/же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты жоготкондо, бузганда лицензиат байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана/же уруксаттын дубликатын алат. Лицензия жана/же уруксат бузулган учурда арызга лицензиянын жана/же уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген документтердин тизмегин толук эмес берген учурда, ошондой эле иштин бул түрү менен иштөөгө арыз ээсине тыюу салган соттун чечими бар болгон учурда радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүдөн баш тартылат. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын, ошондой эле радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү төмөнкү учурларда узартылбайт:
- радиожыштыктын номиналдары жана/же тилкелери улуттук коргоону, коопсуздукту, укуктук тартибин коргоону камсыз кылуу кызыкчылыгында же өзгөчө кырдаалдарда талап кылынса жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана;
- радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бул жөнүндө лицензиатка кеминде 3 жылдан мурда милдеттүү кабарлоо менен;
- радиожыштык номиналдарын жана/же тилкелерин натыйжалуу пайдаланбаганда;
- радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүнү колдонуу мөөнөтүн узартуу учурунда спектрди пайдалангандыгы үчүн финансылык карызы болгондо;
- лицензияда көрсөтүлгөн радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензиаттын техникалык мүмкүндүгү аны узартуу жөнүндө арыз берүү учуруна карата жок болгондо;
- лицензия же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү боюнча иштин процессинде табылган бузуулар болгондо, бирок алар лицензияны же уруксатты берүүнү узартууга арыз берилген учурда жоюлбаса.
Лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттин кызыкчылыгында өзгөчө кырдаалдарда башка жыштыктарга өтүү менен байланышкан электр байланыш операторлору тарткан чыгымдар мамлекет тарабынан компенсацияланат. Компенсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Лицензиянын жана/же уруксаттын күчү төмөнкү учурларда токтотула турат:
- лицензиялык талаптардын шарттарынын бузулушун жоюу боюнча чечимдер аткарылбаса;
- Радиобайланыш Регламентинде белгиленген электр магниттик шайкештиктин шарттары бузулса;
- байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында финансылык карызы бар болсо.
Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- юридикалык жакты кайра уюштурганда;
- юридикалык жактын аталышын өзгөрткөндө;
- жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө;
- лицензиядан ажыратканда;
- лицензиянын жана/же уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн узартканда;
- радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатта көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөрдү өзгөрткөндө.
Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты жокко чыгаруу лицензияны жана/же уруксатты колдонуу токтотулган себептер жоюлбаган учурда соттук тартипте жүргүзүлөт. Лицензияны жана/же уруксатты ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн башка жакка берүүгө тыюу салынат. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиядан ажыратуу байланыш операторунун активдери сатылган, соттун чечими бар болгон учурларда жүргүзүлөт. Лицензиянын жана/же уруксаттын күчү төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке ишкер катары жеке жактын иши токтотулуусу;
- юридикалык жактын жоюлушу;
- лицензиянын жана/же уруксаттын күчүнүн мөөнөтүнүн аяктоосу;
- радиожыштык спектрин пайдаланууну өз ыктыяры менен токтоткон учурда лицензиат (лицензиаттын укук мураскери) арыз берүүсү;
- лицензияны жана/же уруксатты жоюу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
- жеке жактын каза болушу;
- лицензия жана/же уруксат берилген учурдан баштап 2 жылдын ичинде радиожыштык спектрин колдонбоо;
- спектрди пайдаланууну натыйжасыз деп таануу.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчүн токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилет. Лицензияны жана/же уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан баштап лицензия жана/же уруксат жараксыз деп эсептелет. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана радиоэлектрондук каражатты пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууга уруксатты алуу үчүн лицензиялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Электр байланышы жаатындагы ишке лицензия өзүнө лицензиялык талаптарды камтыйт, алар төмөнкүлөргө негизделет:
- эгерде булар каралган болсо, тармакты же кызмат көрсөтүү көлөмүн өнүктүрүү же кеңейтүү боюнча милдеттенмелерге;
- мындай тармактарды куруу жана пайдалануу, электр байланыш кызматтардын көрсөтүү учурунда табигый апааттар же башка өзгөчө кырдаалдар болгондо электр байланышынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу муктаждыгын эске алуу тууралуу лицензиаттын милдеттенмелерине;
- бардык колдонуучуларга кодулабаган негизде кызмат көрсөтүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- колдонуучу акы төлөбөгөндө же колдонуучу сервистик келишимдин шарттарын бузганда кызмат көрсөтүүнү убактылуу токтотуу же токтотуу укуктарына;
- оперативдүү тез кызматтарды чакыруу үчүн акысыз кошулууну берүү милдеттенмелерине;
- эгерде булар бар болсо, башка тармак менен тармак аралык кошулуу жагынан лицензиаттын милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын улуттук номерлештирүү тутумуна жана планына ылайык номерлештирүү ресурсун пайдалануу милдеттенмелерине;
- Радиобайланыш регламентине жана Кыргыз Республикасынын радиокызматтарынын радиожыштыктарын бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык радиожыштык ресурстарын пайдалануу милдеттенмелерине;
- эгерде булар бар болсо, абоненттер жөнүндө маалыматты камтыган маалымдаманы жарыялоого лицензиаттын милдеттенмелерине;
- маалымдамаларды басып чыгаруу максаты үчүн абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
- колдонуучунун билдирүүлөрүнүн, жашырын маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргоо, коопсуздук же укуктук тартипти коргоо үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон бардык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- мындай маалымат электр байланыштын операторлоруна жана электр байланыштын кызматтарына акылга сыярлык жана кодулабаган негизде белгилүү болгон учурларды кошпогондо, колдонуучудан алынган же жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагын пайдалануу убагында же башка тармактын иши менен байланышкан жалпы пайдалануудагы электр байланыштын кызматтарын көрсөтүү же башка кызмат көрсөтүүлөр убагында колдонуучуга карата алынган маалыматты колдонбоо милдеттенмелерине;
- техникалык жактан максатка ылайыктуу жана мүмкүн болсо, кабель өткөргүчтөрдү, электр байланыштын кабелдик каналдарын, өткөрүү укугун, түркүктөрдү жана башка курулмаларды электр байланыштын башка операторлоруна, телерадиоберүү операторлоруна жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын башка кызматтарына берүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунуч келген учурда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, мамлекеттин талаптарын канааттандырууда жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- ушул Мыйзамда каралган жыйымдарды жана акыларды төлөө боюнча милдеттенмелерге;
- лицензиаттын тармагын зарыл болгон техникалык сыноону өткөрүүгө мүмкүндүк берген тиешелүү чараларды көрүү милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана байланыш жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
- лицензиаттын укуктары жана милдеттенмелери жагынан жалпы же атайын шарттардын лицензияда бар болушуна;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу орган тарабынан байланыштын тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы N 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.11.2017 · № 754
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат…Постановление · 13.06.2016 · № 310
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө…Постановление · 12.11.2019 · № 601
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601 токтомуПостановление · 12.11.2019 · № 601
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 токтомуПостановление · 17.11.2017 · № 754
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.11.2017 · № 754
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-10" title="10-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>