# 1-берене. Электр байланышы жаатындагы иштин принциптери

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 1-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-1

---

Электр байланышы жаатындагы иш төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:

- атаандаштыктын, жеке ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде электр байланышы кызматтарын көрсөтүү;

- электр байланышы жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана электр байланышы кызмат көрсөтүү операторлорунун жана аларды берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча функциялардан бөлүү;

- жогорку сапаттагы демейки жана инновациялык электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн ар тараптан колдоо;

- электр байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн жана электр байланышы тармактарынын эл аралык электр байланышы тармактары менен шайкештигин камсыз кылуу;

- өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укуктук тартипти коргоо жаатындагы милдеттерди аткарууда электр байланышы тармактарынын жеткиликтүүлүгү;

- жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык юридикалык жана жеке жактарга бирдей жеткиликтүүлүгү;

- электр байланышынын операторлору жана кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр пайдалануучулардын маалыматынын купуялыгын сактоосу.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-2)
