Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бүргѳндү айылдык кеңешинин «Ношкен айылынын тургуну Абдрахманова Козуханды Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордине көрсөтүү жөнүндө» токтому
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы 2019-жылдын 16-марты №12 Ношкен айылынын тургуну Абдрахманова Козуханды Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордине көрсөтүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын элинин 11.03.2019-жылдагы № 1- протоколунун, Айылдык кеңештин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 13-мартындагы №3-протоколу жана К. Абдрахмановдун 2019-жылдын 15- мартындагы кириш № А - 34 сандуу “Даңк” орденине сунуштоо жөнүндөгү кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну К. Абдрахмановдун 2019-жылдын 15- мартындагы кириш № А - 34 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну, бир нече жолку мамлекеттик сыйлыктардын ээси, “Баатыр эне” Абдрахманова Козуханды “Даңк” ордени менен сыйлоо үчүн сунушталсын.
3. Жогорку турган органдарга тийиштүү сунуштарды жөнөтүүгө көмөктөшүү жагы
4. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаевтен суралсын.
5. Абдрахманова Козуханды “Даңк” ордени менен сыйлоодо тийиштүү иш кагаздарын даярдоого көмөктөшүү, сунуштарды даярдап жогорку турган органдарга жөнөтүү жагы айыл өкмөттүн профсоюз уюмунун төрагасы Э. Сопиевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековко милдеттендирилсин.
Төрага
З. Арстанбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157