# Ничке-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-январындагы №90 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Ничке-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-январындагы №90 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54671/edition/948685/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ничке-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-январындагы №90 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү боюнча" токтому (15.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419883

---

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы 2019-жылдын 15-январы №90 Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим» бекитилсин.

2. КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы , айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Л.Жунусовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ничке-Сай айыл аймагынын экономист-статисти Ө.Бөкөшөвго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Т.Эрмекбаев
