# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 5 "Айыл аймагында түзүлгөн “Падыша-Ата даамы”коопиративинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 5 "Айыл аймагында түзүлгөн “Падыша-Ата даамы”коопиративинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54591/edition/947737/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 5 "Айыл аймагында түзүлгөн “Падыша-Ата даамы”коопиративинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому (26.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419803

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезектеги XXVII cессиясы 2019-жылдын 26-апрели № 5 Айыл аймагында түзүлгөн “Падыша-Ата даамы”коопиративинин уставын бекитүү жөнүндө Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук ,укук тартиби жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек чыгып сүйлөп айылдык кеңештин депутат айымдары Ботобаева Тажигүл жана Мавлянова Жийдегүлдөр айыл аймагыбызда чет элдик инвестицияны тартуу максатында ар тараптуу кооператив түзүү менен иш алып баруу, жумуш орундуктарды көбөйтүү, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кайра иштетүүчү цехтерди ачуу, ошонун натыйжасында ишкерлерибизди көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы №558 токтомунун редакциясына ылайык азырынча коммерциялык кооперативдин типтүү уставынын негизинде “Падыша-Ата даамы” кооперативинин жобосун иштеп чыкандыктан анын уставын бекитип берүү жагын суранышкандыгын айтты. Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Айыл аймагында түзүлгөн “Падыша-Ата даамы” кооперативинин уставы бекитилсин.

2. Түзүлгөн Кооперативдин ишмердүүлүгүн коомчулук менен биргеликте өркүндөтүү менен келечекте кеңейтилген көп тармактуу кооперативге айлантуу максатында тынымсыз иш алып баруу жагы депутат ишкер айымдар Ботобаева Тажигулгө, Мавлянова Жийдегүлгө жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай боюнча башкы адиси К.Мамытовдорго жүктөлсүн.

3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ө.Мамадалиев
