# Сары-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 12 «Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 12 «Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54565/edition/947685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 12 «Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө» токтому (30.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419777

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХVII чакырылышынын сессиясы

2018-жылдын 30-ноябры № 12 «Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтуу оз алдынча башкаруу”, ”Бюджеттик Кодекси”, «Суу жөнүндө», «Таза суу жөнүндө» мыйзамынын жана КР Өкмөтүнүн 2010 жылдын 2 февралындагы № 59 токтомунун негизинде Күрмөнтү айылдагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана Балбай айылдагы ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жана бекитүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» КР Өкмөтүнүн 2010 жылдын 2 февралындагы № 59 токтомуна ылайык суу түтүктөрүү жана суу топтогуч жайлары айыл өкмөтүнүн балансына акысыз өткөрүүлүп алынсын.

2. Жыл сайын ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» суу түтүктөрүнүн абалын сактоо учун жергиликтүү бюджеттен каржылансын

3. Токтомду каттоо жагы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрге ченемдик укуктук актыларга катталсын.

4. Бул токтом 2018-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жүргүзүү Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүүун башчысы Таалайбек уулу Жоомартга жүктөлсүн.

Төрага

Шаймолдоева Р.Ш
