# Каракол шаардык кеӊешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 26-36/8 "Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди инвентаризациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардык кеӊешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 26-36/8 "Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди инвентаризациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26-36/8
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54545/edition/1091752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419757.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардык кеӊешинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 26-36/8 "Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди инвентаризациялоо жөнүндө" токтому (04.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419757

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 21-октябры № 26-36/8 Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди инвентаризациялоо жөнүндө (Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 28-2/4, 2021-жылдын 4-августундагы № 28-6/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Депутат А.К.Джумабекованын, Каракол шаарындагы жер тилкелерин сатууга мораторий жарыялоо жөнүндөгү сунушун талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин XXVI чакырылышынын XXXVI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын мэриясы ММБД менен бирге Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди инвентаризациялансын.

2. Каракол шаарынын мэриясы, ММБД жана Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы менен бирдикте, Каракол шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилерди аукцион жана конкурс аркылуу сатууну, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин сессиясында Каракол шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин жана муниципалдык менчикке тиешелүү объектилердин Реестри бекитилгенче, токтотсун адаттан тышкары, аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюу үчүн, Каракол шаарынын генералдык планына ылайык, «Кашка-Суу» кичирайонунда аянты 1 га болгон жер тилкесине аукцион жана конкурс аркылуу сатыкка, көп кабаттуу социалдык турак-үй жана студенттик жатаканаларды куруу үчүн коюлсун.

(Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 28-2/4, 2021-жылдын 4-августундагы № 28-6/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т. Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

Төрага

А. Абдыкадыров
