# Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54471/edition/949343/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтому (28.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419683

---

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-октябры № 8 Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы№ 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун 6-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-абад областындагы Юстиция башкармалыгынын 2013-жылдын 22-июлундагы №342/03-7 сандуу катына жана Арал айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарына ылайык АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XIX – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х -СЕССИЯСЫ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Мырзахмедовго тапшырылсын.

Төрага

Токтосунов М.М
