# Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 86-17 «Калктуу конуштардын аянтынан таштанды чыгарыш үчүн төлөм алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 86-17 «Калктуу конуштардын аянтынан таштанды чыгарыш үчүн төлөм алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86-17
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54380/edition/948801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419592.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 86-17 «Калктуу конуштардын аянтынан таштанды чыгарыш үчүн төлөм алуу жөнүндө» токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419592

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ ХХVII- чакырыгынын ХVIII- иреттеги ачык сессиясы

2018-жылдын 26-декабры № 86-17 «Калктуу конуштардын аянтынан таштанды чыгарыш үчүн төлөм алуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 2018-жылынын 10-августундагы «Салык эмес кирешелер жөнүндө» 24 – бөлүмүнүн 74- беренесине жана 76-беренесинин 2-п. негизинде таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмүн чогултуу жөнүндө маалыматты угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ:

1. Ар бир кызматкер үчүн таштанды чыгаруу боюнча 50 (элүү) сом бекитилсин.

2. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Астаров Д.Б. аткарууга токтомду кабыл алсын.

Төрага

Д. Маматкеримов
