# Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 84-15 «Жер тилкесин калктуу конуштарга трансформациядан өткөрүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 84-15 «Жер тилкесин калктуу конуштарга трансформациядан өткөрүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84-15
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54379/edition/948803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 84-15 «Жер тилкесин калктуу конуштарга трансформациядан өткөрүү жөнүндө» токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419591

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ ХХVII- чакырыгынын ХVIII- иреттеги ачык сессиясы

2018-жылдын 26-декабры № 84-15 «Жер тилкесин калктуу конуштарга трансформациядан өткөрүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин «Жер тилкесинин санын жана сапатын каттоо» жөнүндө 109-беренесинин 1-п., «Жер маселесин жөнгө салуу боюнча райондук мамлекеттик администрациянын компетентүүлүгү» 15-беренесинин 9-п.,Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн « Жерлерди бир категориядан бөлөк категорияга айлантуу жөнүндө жобону бекитүү» боюнча 2008-ж.22.01. № 19- Токтомунун , 2008-ж,08.12. «Жер бөлүп берүү боюнча кээ бир маселелер» жөнүндө № 312-Токтомунун жана Петровка айыл аймагынын мусулман, карачай жана проваслав көрүстөндөрдүн аянтын чоңойтуу жөнүндө тургундардын арыздарын угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Төмөнкү контурлардагы жайыт жерлерди транформациядан өткөрүүгө Москва райондук мамлекеттик администрациясына сураныч жиберилсин:

- № 800- контурдагы 10834 кв.м. жери мусулмандык көрүстөнгө

-№ 596 -контурдагы 9481 кв.м. жери православдык көрүстөнгө

- № 469 -контурдагы 4723 кв.м. жери карачай көрүстөнгө

2. Токтомду аткарууга Петровка а/ө башчысы Астаров Д.Б.-ке жүктөлсүн.

Төрага

Д. Маматкеримов
