# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 7 "Көп кабаттуу үй курууну долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк боюнча келишим түзүү туралуу" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 7 "Көп кабаттуу үй курууну долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк боюнча келишим түзүү туралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54269/edition/943740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 7 "Көп кабаттуу үй курууну долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк боюнча келишим түзүү туралуу" токтому (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419480

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-марты № 7 Көп кабаттуу үй курууну долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк боюнча келишим түзүү туралуу

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 29 беренесине, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Каганат” ЖЧК өтүнүчүнүн негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын мэриясына сунушталат:

- Социалдык муктаждыктар үчүн батирлердин бөлүгүн муниципалдык менчикке берүү шарты менен, курулуш компаниясы менен, Кара-Балта шаарынын территориясында көп кабаттуу үйүн долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк келишими түзүү;

- Көп кабаттуу үйүн долбоордоого жана курууга курулуш компаниясына Кара-Балта шаарынын Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Коммунистическая көчөсү, Бейшеналиева көчөлөрү менен чектелген кварталда жер тилкеси бөлүү.

2. Бул токтом юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана вице-мэр Э.К. Орозбаковго жүктөлсүн.

Төрага

А. Аалыев
