# Жайыл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы № 11 "Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүүжобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы № 11 "Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүүжобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54229/edition/940360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы № 11 "Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүүжобону бекитүү тууралуу" токтому (07.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419440

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-декабры № 11 Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүүжобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республиксынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында айылдык кеңеш: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы кийинки курамда бекитилсин:

- Чолпонкулов К.К. - Жайыл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

- Каракашева А.К. -Жайыл айыл өкмөтүнүн статистика жана экономика боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.

Мүчөлөрү:

- Райимкулова К. - Жайыл айыл аймагынын аксакалдар сотунун мүчөсү;

- Керимбеков Э.А. - Жайыл айылынын башчысы;

- Исаев Б.Т. - Жергиликтүү кеңешинин депутаты;

- Базаркулов Дж.К. - Жергиликтүү кеңешинин депутаты;

- Ниязова А.К. - Алексеевка орто мектебинин директору;

- Абдыраимова А.К. - Жайыл негизги метебинин директору;

- Войтенко Н.А. - Жайыл айыл аймагынын кварталдык комитетинин төрайымы;

- Кыдыралиева Ж.К. - Алексеевка айылынын активисткасы;

- Аблабеков А.М. - Алексеевка жана Жайыл айылынын милициялык аймактын ыйгарымдуу өкүлү.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы – З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.К. Меркибаев
