# Жайыл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-августундагы № 9 "Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-августундагы № 9 "Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54227/edition/940356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-августундагы № 9 "Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди бекитүү тууралуу" токтому (01.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419438

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-августу № 9 Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди бекитүү тууралуу

2011-жылдын 30-июлундагы “Кыргыз Республикасынын референдум жана шайлоо боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин п.1, п.5, 2011-жылдын 8-июлундагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнүн жана таркашынын тартиби тууралуу” Абалдын негизинде, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиялардын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалыматты жана иш баяндамаларды карап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 1-тиркемеге ылайык №7338, №7339, №7340 – шайлоочулардын жыйынынан участкалык шайлоо комиссиялардын курамы бекитилсин.

2. Жайыл айылдык кеңеши Жайыл территориалдык шайлоо комиссиясына кезексиз сессиянын токтомун, көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалыматты жана жыйындын иш баяндамасын жөнөтсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.К.Алымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

А.К. Меркибаев
