# Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 2-февралындагы № 7 "Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 2-февралындагы № 7 "Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54214/edition/940006/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 2-февралындагы № 7 "Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө" токтому (02.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419425

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2019-жылдын 2-февралы № 7 Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук Архив фонду жөнүндө Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык документтерди сактоо,алардын эсебин алуу,иретке келтирүү жана пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик сактоого өткөрүүгө даярдоо үчүн атайын архив бөлмөсү талапка ылайык абалда кармалсын.(жарыкты тосмолоо,жылуулук,температуралык нымдуулук режимин жөнгө салуучу прибор, өрткө каршы шайман,терезени карангылатуу ж.б)

2. Айыл өкмөттүн штаттык курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен айыл өкмөттүн типтүү түзүмүндө архивариус бирдиги каралбаганына байланыштуу айыл өкмөттүн архивариус милдети кошумча милдет катары айыл өкмөттүн адистеринин бирине жүктөлсүн.Бул жумуштарга жумуш акы жана архивдин зарыл чыгымдары мыйзамда тыюу салынбаган булактардан каржылансын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Д. Бекназаров
