# Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-августундагы № 21/1 "Эмгек акы боюнча коэффициенттерди жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-августундагы № 21/1 "Эмгек акы боюнча коэффициенттерди жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/1
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54095/edition/926178/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-августундагы № 21/1 "Эмгек акы боюнча коэффициенттерди жогорулатуу жөнүндө" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419213

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакыруунун 3-кезексиз сессиясы

2017-жылдын 18-августу № 21/1 Эмгек акы боюнча коэффициенттерди жогорулатуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жөнүндөгү 2017-жылдын 7 августундагы № 466 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттин бюджети тарабынан түшкөн каражаттар сентябрь айынан баштап декабрь айына чейин 245,7 миң сом суммадагы каражат 70111 бөлүмүнүн 2111 беренесине (эмгек акы) - 217,2 миң сом жана 2121 беренесине (соц. чегерүү) 37,5 миң сом бөлүштүрүлсүн

2. ФЭБ башчысы Г.А. Худайбергенова бардык Мамлекеттин бюджети тарабынан берилген акча каражаттарды бөлүштүрүү үчүн керектелүүчү документтерди даярдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

Төрага

Токоев К.О.
