# Новопавловка айылдык Кенешинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 61 «403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл окмотунун Жер фондусуна откоруп беруу тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Новопавловка айылдык Кенешинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 61 «403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл окмотунун Жер фондусуна откоруп беруу тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54028/edition/924304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Новопавловка айылдык Кенешинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 61 «403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл окмотунун Жер фондусуна откоруп беруу тууралуу» токтому (06.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419145

---

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чуй облусу Сокулук району Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын 15 – сессиясы

2018-жылдын 6-ноябры № 61 «403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл окмотунун Жер фондусуна откоруп беруу тууралуу»

«Апрель Элим Кыргызстан Жаракат алган Коом» коомдук уюмунун жер маселелери боюнча кайрылган катын кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Окмотунун Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун 17.09.2018ж. №170-б Буюрмасы менен атайын комиссия тузулгон. Ал комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Окмотунун 1996 – жылдын 27 – майындагы № 240 токтомуна ылайык Чуй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын № 4, 5, 113, 168, 477, 498, 519, 520 контурларындагы айыл чарба багытындагы жалпысы 403,0 га жер аянты Новопавловка айыл аймагында жайгашкан «Красная Заря» колхозунун эмгек жамаатына жана жер тейлоо мекемелеринин жумушчуларына жер улушу катары болунуп берилууго тийиштуу болгон жерлер мыйзамды одоно бузуу менен жалган, жасалма докуменнтердин негизинде колхоздо эмгектенбеген, айыл аймагында жашабаган жалпысы 23 адамдарга таратылып берилип кеткендиги жана 2008 – жылы 9 – декабрда анны туура деп эсептеген Сокулук райондуксотунун чечими чыккандыгы аныкталган. Бирок 2015 – жылдын 15 – октябрда Чуй областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан Сокулук райондук прокуратурасынын кассациялык сунушу боюнча ушул эле маселе каралып, Сокулук райондук сотунун чечими жокко чыгарылуу менен иш кайра кароого жонотулгон. Комиссия тарабынан чыгарылган корутундусунда 403 га жер аянтын Новопавловка айыл аймагынын жер фондусуна откоруп беруу жагы сунушталган. Кун тартибиндеги маселе боюнча иш-кагаздары менен таанышып жана жер комиссиясынын торагасы Н.Алыбаевдин билдируусун угуп жана талкуулап Новопавловка айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук райондук Новопавловка айыл аймагынын № 4, 5, 113, 168, 477, 498, 519, 520 контурларындагы менчик укугунан ажыратылып ээси жок калган жалпысы 403,0 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62 – беренесинин 4 – пунктуна жана 64 – беренесинин 1 – пунктуна ылайык Новопавловка айыл окмотунун жер фондусуна откорулуп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Новопавловка айыл окмотунун башчысы Н.Мурзакматовго тапшырылсын.

Төрага

А. Табалдиев
