Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин “Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын киреше бөлүгүнүн 2017-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө” токтому
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 3/5 “Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын киреше бөлүгүнүн 2017-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы күн тартибиндеги Айылдык Кенештин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын киреше бөлүгүнүн 2017-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 7662,80 (жети миллион алты жүз алтымыш эки мин сегиз жүз ) сом, Тендоочу грант 10563,4 ( он миллион беш жуз алтымыш үч мин төрт жүз) сом, атайын каражаттан башкаруу аппаратына 289,4 (эки жүз сексен тогуз мин төрт жүз) сом, балдар бакчасына ата-энелер төлөмү 884,0 (сегиз жүз сексен торт мин) сом кошулуп, жалпысы: 19399,6 (он тогуз миллион үч жуз токсон тогуз мин алты жуз) сом суммасында № 2 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2018-2019- жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Киреше бөлүгүнүн 2018-2019- жылдардын болжолдуу долбоору №4 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша бөлүгү №5,6,7,8,9,10 – тиркемелерге ылайык 18226,2 (он сегиз миллион эки жүз жыйырма алты мин эки жүз) , атайын каражаттын чыгаша болугу 1174 (бир миллион бир жүз жетимиш төрт мин) сом менен бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтуу бюджетке берилуучу тендөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2017- жылга жана 2018-2019- жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4 пунктына жана 12-статьясынын 3 пунктуна негиз 1-кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл Өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
5. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 182, 2(бир жүз сексен эки мин эки жүз) сом өлчөмүндө айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 300,0 (уч жүз мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Шертаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин торагасына жүктөлсүн.
10. Токтом www.v.aks.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн e-mail: uchkorgon.webnode.ru расмий веб-сайтына жарыялансын;
12. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
13. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Ташбаевге жүктөлсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Турдиев Рысбекке милдеттендирилсин.
Төрага
К. Итибаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215