# Красноречка айыл кенешинин 2018-жылдын 3-майындагы № 50/XII-27 “№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Красноречка айыл кенешинин 2018-жылдын 3-майындагы № 50/XII-27 “№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/XII-27
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53916/edition/921060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красноречка айыл кенешинин 2018-жылдын 3-майындагы № 50/XII-27 “№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому (03.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419033

---

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-майы № 50/XII-27 “№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө”

Красноречка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджакматовдун К.Каракетовго жана “№ 644, № 645-контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2017-жылдагы № 243 “Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык Айылдык кеңешти ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 644-контурдагы Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринин баштапкы баасы 1,0 га-7000 (жети миң сом) 15 жыл мөөнөткө бекитилсин. № 645-контурдагы 9,5 га айдоо жери 1,0 га– 5000 (беш миң сом) 5 жыл мөөнөткө бекитилсин.

2. Ар бир лот боюнча 15% кепилдик төлөмдөрү бекитилсин.

3. Ар бир лот боюнча баштапкы суммадан 15% өлчөмдө аукциондук кадам бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга (И.Зия) жүктөлсүн.

Төрага

М. Джекшенбеков
