Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красноречка айыл кенешинин “№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-майы № 50/XII-27 “№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө”
Красноречка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджакматовдун К.Каракетовго жана “№ 644, № 645-контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2017-жылдагы № 243 “Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык Айылдык кеңешти ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 644-контурдагы Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринин баштапкы баасы 1,0 га-7000 (жети миң сом) 15 жыл мөөнөткө бекитилсин. № 645-контурдагы 9,5 га айдоо жери 1,0 га– 5000 (беш миң сом) 5 жыл мөөнөткө бекитилсин.
2. Ар бир лот боюнча 15% кепилдик төлөмдөрү бекитилсин.
3. Ар бир лот боюнча баштапкы суммадан 15% өлчөмдө аукциондук кадам бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга (И.Зия) жүктөлсүн.
Төрага
М. Джекшенбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.