# Красноречка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 46/XII-27 “Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Красноречка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 46/XII-27 “Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46/XII-27
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53914/edition/921068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красноречка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 46/XII-27 “Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө жөнүндө” токтому (19.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419031

---

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-февралы № 46/XII-27 “Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2018-жылдагы № 80- “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 14-январь 2015-жылдагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү муниципалдык тейлөө Базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык Айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Красная-Речка айылдык кеңешинин 17.02.2016-жылдагы 26-чакырылыштагы № 96/ХV“Красноречка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга калкына берилүүчү акылуу тейлөөлөрдүн баа прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Красная-Речка айыл өкмөтү “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү муниципалдык тейлөөнүн Базалык реестринин” бекитилген токтомдун 1-пункт жетегинде иш жүргүзсүн.

3. Красная-Речка айыл өкмөтү 2018-жылдын 20-февралынан КР Өкмөтүнүн 05.02.2018-жылдагы № 80 Токтомунун негизинде калкка акысыз тейлөө жүргүзүшсүн (тиркемеге ылайык).

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы В.Шаршеевага жана А.Толубаевага жүктөлсүн.

Төрага

М. Джекшенбеков
