# Кайыңды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 80/XXV-9 "Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине сый акыга уруксаат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 80/XXV-9 "Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине сый акыга уруксаат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80/XXV-9
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53913/edition/921070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 80/XXV-9 "Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине сый акыга уруксаат берүү жөнүндө" токтому (12.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419030

---

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-декабры № 80/XXV-9 Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине сый акыга уруксаат берүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэринин сунуштамасын карап чыгып, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылдын жыйынтыгындагы жетишкендиктерин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине 2018-жылдын жыйынтыгы менен бир айлык кызмат орундук маяна өлчөмүндө сый акы берүүгө уруксаат берилсин.

2. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн

Төрага

У.Б. Абдрасулов
