# Кайынды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 74/XXV-3 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кайынды шаарынын мэриясынын комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жѳнүндѳ» токтому

- Толук аталышы: Кайынды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 74/XXV-3 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кайынды шаарынын мэриясынын комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жѳнүндѳ» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74/XXV-3
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419024>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53907/edition/1289847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/419024.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайынды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 74/XXV-3 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кайынды шаарынын мэриясынын комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жѳнүндѳ» токтому (16.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419024

---

Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 65/XXI-6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-декабры № 74/XXV-3 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кайынды шаарынын мэриясынын комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жѳнүндѳ»

(Кайынды шаардык кенешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 52//XVIII-2 токтомунун редакцияcына ылайык)

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругуна ылайык Кайынды шаардык Кенеш депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайынды шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Комиссиянын курамы тѳмѳндѳгүдѳй тартипте бекитилсин:

1.Кайыңды шаарынын мэринин орун басары,комиссиянын төрагасы;

2.Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча башкы адиси, төраганын орун басары;

Комиссиянын мүчѳлѳрү:

3.Кайыңды шаарынын мэриясынын юристи – башкы адис

4.”Кайыңды – Сервис” муниципалдык ишканасынын директору

5.Кайыңды шаарынын аксакалдар сотунун мүчөсү (макулдашуу менен)

6.Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу менен)

7.Кайыңды шаарынын Панфилов райондук ИИБ участкалык инспектору.

(Кайынды шаардык кенешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 52//XVIII-2 токтомунун редакцияcына ылайык)

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин социалдык туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
