# Жаны-Алай айылдык Кенешинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 18/3 "Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Алай айылына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча сунуш кылган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаны-Алай айылдык Кенешинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 18/3 "Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Алай айылына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча сунуш кылган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/3
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/419009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53892/edition/919134/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаны-Алай айылдык Кенешинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 18/3 "Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Алай айылына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча сунуш кылган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому (24.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/419009

---

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаны-Алай айылдык Кенешинин 6–шайланган кезексиз 18–заседаниеси

2018-жылдын 24-сентябры № 18/3 Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Алай айылына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча сунуш кылган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Алай айылына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча түзүлгөн долбоорду карап чыгып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Алай айылына кичи фудбол аянтчасын куруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып,үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 3037,817 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы, 7 пайыздык 198736 сомдук өздүк салымды Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткаруу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ө. Акбашов
