# Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-мартындагы № 63 "Зергер айыл аймагындагы калктуу конуштардын чекараларын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-мартындагы № 63 "Зергер айыл аймагындагы калктуу конуштардын чекараларын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/418927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53821/edition/945622/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-мартындагы № 63 "Зергер айыл аймагындагы калктуу конуштардын чекараларын бекитүү жөнүндө"токтому (13.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/418927

---

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 -чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы 2019-жылдын 13-марты № 63 Зергер айыл аймагындагы калктуу конуштардын чекараларын бекитүү жөнүндө Зергер айылдык кенешинин кезектеги 18-сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомун ишке ашыруу максатында Зергер айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-июлундагы №220 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо институту тарабынан жасалган калктуу конуштардын чекараларын тактоо чегара сызыктарын бекитүү баяндамасын карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомун ишке ашыруу максатында Зергер айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-июлундагы №220 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо институту тарабынан жасалган калктуу конуштардын чекаралары, чегара сызыктары баяндамасы менен бекитилсин.

2. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл –суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

Төрага

С.Кулушов
