# 1-Май айылдык кеңешининин 2015-жылдын 03-февралындагы №18 "1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 1-Май айылдык кеңешининин 2015-жылдын 03-февралындагы №18 "1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/418719>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53617/edition/943122/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1-Май айылдык кеңешининин 2015-жылдын 03-февралындагы №18 "1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө" токтому (03.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/418719

---

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 03-февралы №18 1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө 1-Май айылдык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин токтомдорун кыргыз тилинде кабыл алуу боюнча 1-Май айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципиалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундуларын угуп, 1-Май айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айыл аймагынын айылдык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин токтомдору кыргыз тилинде кабыл алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басары А.Касымовго тапшырылсын.

Төрага

А.Иманова
