# 1-Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 8 "1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: 1-Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 8 "1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/418701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53599/edition/943038/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1-Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 8 "1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө"токтому (28.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/418701

---

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-февралы №8 1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” 2018-жылдын 10-январындагы №2 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш планды угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары Э.Ажиев жана А.Кожоновдордун сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш план колдоого алынсын.

2. Иш планга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.

Төрага

Н.Абдырайымов
