# Нуржанов айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 8 "Нуржанов айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Нуржанов айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 8 "Нуржанов айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/418597>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53496/edition/942220/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нуржанов айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 8 "Нуржанов айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө"токтому (21.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/418597

---

НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-ноябры № 8 Нуржанов айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Нуржанов айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нуржанов айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл аймагынын аксакалдар соту өз ишмердиги чегинде бул Регламентти жетекчилике алсын.

3. Аксакалдар сотунун ушул Регламентке ылайык иш алпарылышы жана аткаруу жагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исмаиловго жүктөлсүн.

Төрага

Р.Жееналиева
