# Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 24-1 "Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 24-1 "Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24-1
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/418557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53456/edition/940442/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 24-1 "Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"токтому (23.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/418557

---

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы

2019-жылдын 23-январы № 24-1 Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтому менен сунушталган 96,23 гектар жер аянтынын ичинен №1014 сандуу контурундагы- 0,46 гектар водопроводдук станциясынын жер аянты, №1015 сандуу контурундагы - 3,05 гектар чөп сактоочу жер аянты, №1040 сандуу контурундагы - 0,32 гектар шагыл жана №1070 контурдагы - 0,28 гектар ыңгайсыз жер, жалпысы болуп 4,11 гектар жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясында каралбагандыгына байланыштуу, аталган токтомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык. Т О К Т О М К Ы Л А Т :

Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомунун преамбуласындагы;

- Айтамга айылынын күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “20,01 гектар”;

- Додоң айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “11,64 генктар”;

- Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “45,48 гектар”;

- Толман 1 (Жабылы) бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “0,90 гектар”;

- Авиз 1 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “ 4,1 гектар;

- Авиз 2 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “14,1 гектар” деген сөздөр алынып салынсын.

- “жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 96,23 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын” деген сөз “жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 92,12 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомунун

1-пунктуна;

- “жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн” деген сөз “жалпысы болуп 92,12 гектарды түзгөн” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомунун

2-пунктуна;

- “жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн” деген сөз “жалпысы болуп 92,12 гектарды түзгөн” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, транспорт, энергетика, өнөр жай, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М.Абдырахманов
