# О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики «О Президентской образовательной программе «Кадры XXI века

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1826/edition/486020/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики «О Президентской образовательной программе «Кадры XXI века (14.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4177

---

КР Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 227 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2004-жылдын 28-августу ПЖ № 277 "Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле аны финансылоо механизмдерин андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы № 218 Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

бул Указдын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5. "XXI кылымдын кадрлары" программасын финансылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
