Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
М.Абдылдаев айылдык кеңешини «Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсү жөнүндө» токтому
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык Кеңешини 7-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2018-жылдын 24-майы № 54 Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсү жөнүндө Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсүн М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 24-05-2018-жылдагы 7- чакырылышынын кезексиз 11 –сессиясы карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 05.-03.2018-жылдагы кезектеги 8-сессиясында кабыл алынган № 39 токтомуна өзгөртүү киргизилгендиги белгиленсин.
2. Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсүнүн негизинде М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 05-03-2018-жылдагы 7-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында кабыл алган № 39-токтомундагы № 3 –пункту алынып салынсын, жана төмөндөгүдөй кабыл алынсын.
“М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин убактылуу түзүлгөн комиссиясынын текшерүүсүнүн негизинде Ак-Тектир айылынын айыл башчысы А.Маарайымовдун жана Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы М. Жумабаевдин өз иш-милдеттерин аткарууда кетирген кемчилдиктерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 сандуу токтому менен бекитилген “Айыл башчы жөнундөгү” типтүү жобонун негизинде кызмат орундарын карап чара көрүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго сунушталсын.
3. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага
С. Кылданов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.10.2006 · № 720 · Күчүн жоготкон