# Жаргылчак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 49 "Муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаргылчак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 49 "Муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/416322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52179/edition/922244/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаргылчак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 49 "Муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө" токтому (28.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/416322

---

ЖАРГЫЛЧАК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-ноябры № 49 Муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Мыйзамынын 7-беренеси “Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн негиздер” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомун жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Мыйзамынын 7-беренеси “Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн негиздер” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомун жетекчиликке алуу менен, Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө маалымдамалар акысыз берилсин.

2. Аталган токтомКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн адиси Акматов Н. милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана анын аткарылышын камсыздооЖаргылчакайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбеков А.А.милдеттендирилсин.

Төрага

К. А. Мокеев
