# Достук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы № 7 "Шамалды-Сай Темир жол бекетине жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы № 7 "Шамалды-Сай Темир жол бекетине жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/416252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52109/edition/920828/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы № 7 "Шамалды-Сай Темир жол бекетине жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому (25.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/416252

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы

2018-жылдын 25-майы № 7 Шамалды-Сай Темир жол бекетине жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-статьясынын 4-пункутуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтомуна негиз Достук айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы күн тартибинде карап жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шамалды-Сай Темир жол бекетинин башчысы Т.К.Эшиевдин маалыматы эске алынсын

2. Шамалды-Сай Темир жол бекетине Бакыт көчөсү менен Темир жол бекетинин ортосундагы айыл чарбасына жараксыз жерден 2,36 га жер тилкеси бекитилип берилсин

3. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын

4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн орун басарына жүктөлсүн

Төрага

С.Ташбаева
