Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ленин айылдык кеңешинин «Ленин айыл өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин X сессиясы
2018-жылдын 22-июну №4 Ленин айыл өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомуна ылайык “Муниципалдык кызматтардын базалык реестри” №3 тиркемеге ылайык аткарууга алынсын. Тиркеме 3 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
М. Кеңешбаев
Ленин айылдык кеңешинин
22.06.2018- жылдагы Х-сессиясынын
№4 токтомунун №3 тиркемеси
Ленин айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды көрсөтүүгө жооптуулар
Муници-палдык кызматты көрсөтүү- нүн шарттары (акы төлөнүүчү/ акысыз)
1
Калктуу конуштардагы көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталышы жана аталышын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин айыл өкмөтү
Айылдык кеңештин сессиясы
Акысыз
2
Жашаган жеринен маалымкат берүү
Ленин айыл өкмөтү
Жооптуу катчы
Акысыз
3
Үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү
Ленин айыл өкмөтү
Жооптуу катчы
Акысыз
4
Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү
Ленин а.ө
Жооптуу катчы
Акысыз
5
Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү
Ленин а.ө
Жооптуу катчы
Акысыз
6
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Жооптуу катчы
Акысыз
7
Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Айыл өкмөт башчысы баш болгон комиссия мүчөлөрү
Акысыз
8
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Айыл өкмөт башчысы баш болгон комиссия мүчөлөрү
Акысыз
9
Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Айыл өкмөт башчысы
Акысыз
10
Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу
Ленин а.ө
Айыл өкмөт башчысы
Акысыз
11
Жеке жана/же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Айыл өкмөт башчысы жана комиссия мүчөлөрү
Акысыз
12
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Айыл өкмөтбашчысы
Акысыз
13
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
Ленин а.ө
Айыл өкмөт башчысы
Акысыз
Ленин айыл өкмөтүнүн Башчысы: Б.Токтосунов Жооптуу катчысы: К.Курманалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.