Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Куршаб айылдык кеңешинин «“Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берүү жөнүндө» токтому
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) Х кезектеги отуруму
2017-жылдын 03-августу №29 “Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктунун, тургундардын кайрылуусунун жана Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап чыгарган чечиминин негизинде угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №3-Куршаб айылынын“Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан Кыргыз Республикасынын 2017-жыл 30-майдагы №310- токтомунун негизинде, мыйзам чегинде турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берилсин жана тийиштүү жетекчиликтерден керектүү иш кагаздары суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага
Сабытбек уулу Бактыяр
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.