# Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/1
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51683/edition/921570/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому (25.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415814

---

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Vчакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

2016-жылдын 25-февралы № 22/1 Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө «Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2016-жылга 16464,1 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом, 2017-жылга 16500,4 миң сом жана 2018-жылга 17439,4 миң сом, өлчөмүнө ылайык бекитилсин.

2.2015-жылга карата Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 13338,0 миң сом аткарылышы 10909,8 сом өлчөмүндө бекитилсин деп табылды.

3. Жаңы-Арык айыл округунун бюджетинде калган калдык 39,3 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.

4. Жаңы-Арык айыл округунун аппарата иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июну № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 23, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэффициентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.

5. 2016-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаңы-Арык айыл округу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М.Шерматов
