# Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415696>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51566/edition/921336/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому (26.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415696

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2018-жылдын 26-октябры №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» Исфана шаар мэриясынын Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн 0,30га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына жуктөлсүн.

3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.И. Тагаев
