Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Исфана шаардык кеңешинин «Исфана шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2018-жылдын 26-октябры №5 «Исфана шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Исфана шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Исфана шаарынын 2018-жылга каралган жергиликтүү бюджетинен балдар бакчасынын 2018-жылга бекитилген сметасынын 2222-статьясына 195 000 сом, муниципалдык менчик департаментинин 2222-статьясына 257 500 сом, жайыт комитетинин 2215 статьясына 125 000 сом жана “Тайлан” орто мектебинин теннис ойноочу бөлмөсүнүн полун буткөрүү үчүн 20 625 сом жалпы 598125 сом кошумча сметатага киргизилип бекитилип берилсин.
1. Жергиликтүү бюджеттин бөлүм ичиндеги жылдыруулары Исфана шаардык Кеңешинин макулдугу менен жылдырылсын жана шаардык Кеңештин 2018-жылдын 8-февралындагы №12/2 токтомунун 7-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.И. Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.