# Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 17/10 "Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдиндин жана Маданбеков Амиракулдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 17/10 "Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдиндин жана Маданбеков Амиракулдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/10
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51474/edition/938310/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 17/10 "Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдиндин жана Маданбеков Амиракулдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (31.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415604

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6-чакырылышынын 17-отуруму 2018-жылдын 31-майы № 17/10 Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдиндин жана Маданбеков Амиракулдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдинге жана Маданбеков Амиракулга Сай участкасындагы бош жаткан жерден көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сай участкасындагы айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүү үчүн Тогуз-Булак айылынын тургундары Аматкулов Нурдинге жана Маданбеков Амиракулга 0,10 га жер аянты чектелип берилсин.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Маназаров
